Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ноокат шаардык кеңешинин IV чакырылышынын XXVIII сессиясынын отуруму
2015-жылдын 24-декабры № XXVIII-12
Ноокат шаарынын аймагындагы Н.Крупская атындагы орто мектебинин тосмолорун ремонттоого жана окуучуларга ысык тамак даярдоого электр печка сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шарынын аймагындагы Н.Крупская атындагы орто мектебинин тосмолорун ремонттоого жана окуучуларга ысык тамак даярдоого электр печка сатып алуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шарынын аймагындагы Н.Крупская атындагы орто мектебинин тосмолорун ремонттого 30 000 сом акча каражаты, окуучуларга ысык тамак даярдоого электр печка сатып алуу үчүн 77 718 сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2015-жыл жыйынтыгы менен үнөм болгон акча каражатынын эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ноокат шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
А. Гафаров |