Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 30-июлу № 2
Айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан программалары боюнча тышкы жана ички инвестиялар менен иштөө, өкмөттүк эмес жана жамааттык уюмдардын альт барган иштеринин абалы жөнүндө
Айылды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программалары боюнча тышкы жана инвестициялар менен иштөө, өкмөттүк эмес жана жамааттык уюмдардын алып барган иштеринин абалын карап жана талкуулап Шарк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы социалдык-экономикалык өнүгүү программалары боюнча тышкы жана ички инвестициялар менен иштоо, өкмөттүк эмес жана жамааттык уюмдардын алып барган иштери жетишерсиз экендиги белгиленсин жана айылдарда, мекеме-ишканаларда айрыкча тышкы инвесторлор менен иштоонун анык пландар иштелип, анны турмушка ашыруу айыл окмотко жүктөлсүн.
2. Айыл өкмөтүндө өкмөттүк эмес жана жамааттардын инвестиция тартуу багытында жүргүзгөн иштери дагы эле болсо солгун экендиги белгиленсин, аны күчөтүү уюштуруучулук иштерди алып баруу айыл башчыларга жана Шарк айылдык аймагынын башчысы А.Акматовго милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кенешинин социалдык маселелер, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо жана жаштар саясаты боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |