Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 30-июлу № 3
Айыл аймагындагы мекеме-уюмдарынын жана калкынын 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине карата даярдыгы жөнүндө
2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине карата айыл аймагынын мекеме-уюмдары жана калкын даярдоонун абалын карап жана талкуулан Шарк айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын мекеме-уюмдарды жана калкын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо аткарылган иштер менен кошо жол коюлган кемчиликтердин бар экендиги белгиленсин.
2. Кышка даярдык көрүү боюнча жол коюлган кемчилдиктерди жоюу жана даярдык иштерин талап даражасында жүргүзүү боюнча уюштуруучулук иштерди күчөтүү айыл өкмөткө жана кышка даярдык боюнча атайын түзүлгөн штабга жүктөлсүн.
3. Көмүр сатуучулар тарабынан калкка сатылып жаткан көмүрдүн баасынын жогорулап кетбөөсү жана аны көзөмөлдөп туруу боюнча уюштуруучулук иштерди дайыма жүргүзүү штабга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылысын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |