Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 30-июлу № 4/3
Шарк айылынын тургундарынын арызы жөнүндө
Айылдын аялдардан турган тургундарынын айылда "Аялдардын куран үйрөнүү борборун" ачууга уруксат берүүнү сураган арыздарын карап жана талкуулап Шарк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылында "Аялдардын куран үйрөнүү борборун" ачууга уруксат берилсин жана каржылоо демөөрчүлөр жана жеке жактардын эсебинен жүргүзүлүүсү белгиленсин.
2. Куран окуу борборунуна ишмердүүлүгүнө көзөмөлдүл кылуу Шарк айылдык аймагынын башкы имам-хатибине жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин укук коргоо коомдук тартипти сактоо, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |