Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 30-июлу № 4/5
Айыл аймагындагы көрүстөндөр ажыратуу үчүн жерлердин максаттык багыттын которуу жөнүндө
Айыл аймагынын айылдарындагы көрүстөндөрүндө сөөк коюу үчүн бош жай калбагандыктан, кошумча жер аянттарын ажыратып берүү үчүн, жерлердин максаттык багытын өзгөртүү маселесин карап жана талкуулап Шарк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагынын айылдары боюнча көрүстөндүн үчүн кошумча жер ажыратуу максатында Маданнят айылындагы №138 контурдагы 2,0 га, Ташлак айылындагы ,№298 контурдагы 1,15 га, Медресе айылындагы №335 контурдагы 1,0 га, Шарк айылындагы №172 контурдагы 3,0 га жана №170 контурдагы 2,0 га жана айылындагы №18 контурдагы 4,0 га жалпысы 13,15 га айылчарба багытындагы жер аянттарын көрүстөн пайдаланууга которуу тиешелүү жогорку мамлекеттик органдардан суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин "Жер, агрардык реформа, соода, курулуш жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |