Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 30-июлу № 4/6
Шарк айылдык аймагынын "Ачы" массивиндеги сугат суу пландалган суу тутукторунун жана электр линиясынын ээлеп турган жеринин максаттык багытын которуу жөнүндө
"Ачы" массивинде жаныдан туптелуп жаткан элдик конуштун жерлерин сугарууга пландалган суу тутукторунун жана электр чубалгылары, мамычалар ээлеген жер аянттарынын максаттык багытын которуу маселесин карап Шарк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шарк айылдык аймагынын "Ачы" массивинде сугат суу үчүн пландалган суу тутуктору ээлеген жайыт 5,02 га, кайрак айдоо жер 1,52 га бардыгы 6,54 га жана электр чубалгылары, мамычалар ээлеген жайыт 8,3 га, кайрак айдоо жер 3,1 га, айыл чарба багытында пайдаланылбаган жерлер 0,7 га, трансформатордук подстанция куру үчүн 0,2га бардыгы 12,3 га, ал эми жалпысы 18,84 га болгон жер аянттарын "өнөржай, транспорт, байланыш. коргоо жана башка" жерлер багытына которуу жогорку тиешелүү мамлекеттик органдардан суралсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кенешинин "Жер, агрардык реформа, соода, курулуш жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |