Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XI сессиясы
2014-жылдын 30-июлу № 4/7
Айыл аймагындагы балдар бакчаларынын башчыларынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Балдар бакчаларынын башчыларынын кийинки мезгилде азык тамак аш продукцияларынын баасынын кескин өскөндүктөн ата-энелерден алынуучу 450 сом өлчөмүндөгү каражаттын жетишсиз болгондугуна аны 500 сомго көтөрүү жөнүндөгү кайрылуусун карап жана талкуулап Шарк айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кийинки мезгилде азык-оокат продукцияларынын басы кескин өскөнүктөн айыл аймагындагы балдар бакчаларынын тарбиялануучулары үчүн ата-энелерден алынуучу каражаттын өлчөмү 500 сом болуп бекитилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу Шарк айылдык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик жана финансы-экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |