Загрузка документа…
ШАРК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Шарк айылдык кеңешинин (V шайланган) кезектеги XII сессиясы
2014-жылдын 27-сентябры № 1
Айыл аймагынын калкын, ишкана мекемелерин 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо жөнүндө
2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата айылдын калкын, экономика тармактарын жана мекеме-уюмдарын даярдоонун жүрүшүн карай жана талкуулап Шарк айылдык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын калкын, экономика тармактарын жана мекеме-уюмдарын 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата даярдоо багытында Шарк айыл өкмөтү тарабынан уюштуруучулук иштердин жүргүзүлгөндүгү жана ошону менен бирге кемчиликтерге даты жол коюлгандыгы белгиленсин.
2. Учурда айыл аймагындагы мектептер жана балдар бакчалары 54,7 пайыз, ал эми калк 55,1 пайыз көмүр отун менен камсыз болгондугун эске алып, кышка даярдыкды 2014-жылдын 15-октябрына чейин бүтүүрү түзүлгөн штабга жана мекеме-уюмдардын жетекчилерине милдеттендирилсин.
3. Айыл калкын көмүр отун толук камсыз кылуу жана 2014-2015-жылдардын күз-кыш мезгилине карата өз убагында максатында айылдарда эл арасында түшүндүрүү иштернн күчөтүү айыл башчыларга жана штабга милдеттендирилсин.
4. Айылдарда көмүр сатуу пункттарын кенейтүү жана анын баасына коомчулуктун өкүлдөрү менен биргеликте көзөмөлдөөнү күчөтүү штабга жана айыл башчыларга жүктөлсүн.
5. Айылдын жаратылыш газы менен пайдалануучу аз камсыз болгон 300 уй-булеге баллон газдардын берүүнү камсыз кылуу боюнча угоштуруучулук иштерди күчөтүү айыл өкмөткө жүктөлсүн.
6. 2014-жылдын 15-апрелине жылытуу тармагынын жабдууларынын толук кышка даярдыгын камсыз кылуу мектеп директорлоруна, балдар бакчаларынын башчыларына жана штабга милдеттсрилсын .
7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Шарк айылдык кеңешинин «Социалдык маселе элге билим берүү, саматтыкты сактоо, маданият, спорт, туризм жана жаштар саясаты» боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шарк айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Салиев |