Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIX сессиясы
2015-жылдын 19-октябры № XIX/I
Үлүштүк (дем берүүчү) грантка тапшырылуучу долбоорду тандоо жөнүндө
Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылга Жылан-Арык айылына ФАП куруу боюнча Сары-ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн сунуш кылган долбоору бекитилсин.
2. Фаптын имаратын куруу боюнча долбоорду райондук тандоо комиссиясына тапшыруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповга тапшырылсын.
3. Фаптын имаратын курууга керектелүүчү долбоордогу 2357,5миң сом акча каражатынын 15% ин 353,6 миң сомду Cары-Ой айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы бюджетине киргизүү боюнча сунуш даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы К.Султановага тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |