Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 25-декабры № XXI/II
Сары-ой айыл аймагынын айыл өкмөтүндө “коомдук үрөн“ фондусун түзүү жөнүндө
Жылан-Арык айылында өткөн айылдык жыйында үрөн чарбасын түзүү боюнча коомдук фонд түзүү жөнүндө токтом кабыл алынып,уставын каттоодон өткөрүп берүү жагы айылдык Кеңештин сессиясынан суралган.Коомдук үрөн фондусунун уставын талкуулап Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айыл аймагында түзүлгөн “коомдук үрөн” фондусунун уставы каттоого алынсын.
2. ”Коомдук үрөн “ фондусунун ишин уставдын негизинде жүргүзүү жагы фонддун төрагасы К.Тилекматовго жүктөлсүн.
3. ”Коомдук үрөн “фондусунун жүргүзүп жаткан ишине көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ч.Жакыповга тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |