Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 25-декабры № XXI/III
2015-жылдын сугат мезгилинде дыйкан фермерлерди сугат суусу менен тейлөөдө Кара-Тагай СПАсынын жүргүзгөн иштери тууралуу
Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара- Тагай СПАсынын 2015-жылдын сугат мезгилинде дыйкан фермерлерди тейлөөдө жүргүзгөн иштери тууралуу айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Нааматбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Кара-Тагай СПАсынын төрагасы Т.Жумалиевге төмөндөгүлөр милдеттендирилсин;
-дыйкан фермерлерден суу пайдалангандыгы үчүн төгүлүүчү акча каражатын тактап
2016-жылдын 1-январына карата өндүрүү;
-2016-жылга карата бюджеттин долбоорун түзүп суу пайдалануучулар менен
макулдашып, айылдык Кеңештин сессиясынын кароосуна сунуштоо;
-2016-жылга карата иш план түзүп, суу пайдалануучулардын кароосуна сунуш кылууну камсыздоо;
3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы айылдык Кеңештин мандат, экономикалык пландоо, курулуш, байланыш, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |