Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XXI сессиясы
2015-жылдын 25-декабры № XXI/IV
Айылдын калкын таза суу менен тейлөөдө ИСКАКБнын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу
Сары-Ой айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдын калкын таза суу менен тейлөөдө ИСКАКБнын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу ИСКАКБнын төрагасы М.Нааматбековдун билдирүүсү эске алынсын.
2. Таза сууга болгон төлөмдөрдү өндүрүүдө ИСКАКБнын бухгалтери С.Эралиева тарабынан талапка ылайык иш алып барбай жаткандыгы белгиленсин.
3. ИСКАКБнын төрагасы(М.Нааматбеков,бухгалтери С.Эралиева) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин:
-таза сууга болгон төлөмдөрдөн өнбөй калган 2013-жылга 5,7 миң сом, 2014-жылга 27,8 миң сом, 2015-жылга 108,6 миң сом акча каражатын өндүрүү ;
-2015-жылга карата үйүнө суу киргизе турган жарандардын тизмесин тактап, аларга көргөзүлө турган кызматтын баасын тактоо;
-суу чорголорун иштетүүнүн графиги боюнча маалыиматты элге жеткирүү;
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы маданият,саламаттыкты сактоо,билим берүү,коомдук тартипти, мыйзамдуулукту сактоо,социалдык жактан коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М. Нааматбеков |