Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 01-7/32
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагынан “ЭлКат” компаниясы волокондук оптика байланыш линиясын жер асты менен тартып өтүүгө уруксат берүү жөнүндө
“ЭлКат” компаниясынын сураныч катынын негизинде интернет кабел линиясын тартуу үчүн Кара-Бак айыл өкмөтүнүн жарандарынын үлүш жерине туура келгендиктен, жер ээлеринин макулдук бергендигин эске алып Кара-Бак айылдык кенешинин 5 чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ЭлКат” компаниясы волокондук оптика байланыш линиясын Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагынан алып өтүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго милдеттендирилсин.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |