Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 01-7/33
Кызыл-Бел айылынын түндүк тарабындагы пайдаланылбай жаткан жайыт эсебиндеги 1,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кызыл-Бел айылынын тундук батыш тарабындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыт жерден 1,0 га жер аянтынын багытын өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которуп пайдаланууга берүү менен жергиликтүү бюджетке пайда келтирүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Бел айылынын түндүк батыш тарабындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыт жерден 1,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Таштак жайыт жерден 1,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү үчүн тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго жүктөлсүн.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |