Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 01-7/34
Кара-Бак айыл аймагынын Кызыл-Бел айылындагы Пенсионерлердин укуктарын калыбына кетирүү жөнүндө
1995-жылдын 22-февралында Кызыл-Бел айылындагы мамлекеттик адистештирилген чарбанын архиви күйүп кеткедигине байланыштуу, иштеген жумушчулардын айлык акысы жана жумушчу стажы жөнүндөгү маалыматтар жоктугунан, соцпенция алып келген атуулдардын укуктарын калыбына келтирүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин 5 чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сариев Темир Аргембаевичтен жана Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасы Абылгазиев Мухаммедкалый Дюшекеевичтен Баткен районуна караштуу Кызыл-Бел айылындагы укугу бузулган пенсионерлердин пенсиясы мыйзамга ылайык төлөөнү жана ушул күнгө чейинки кыскарган пенсияларын кайра төлөп берүү жагы суралсын.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап жөнөтүү жагы Баткен райондук админстрациясына, Баткен райондук соцфондуна жана Кара-Бак айыл өкмөтунө сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Бак айылдык кеңешинин орун басары М.Надировага жүктөлсүн.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |