Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 01-7/35
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын Каксай участкасынын пайдаланылбай жаткан жайыт эсебиндеги 3,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара кызматынын 2022 аскер бөлүгүнүн Достук айылындагы чек ара тозотунда кызмат өтөгөн аскер кызматкерлери куралдуу машыгууларды жүргүзүп туруу үчүн жер болуп берүү жөнүндөгу Достук чек ара тозотунун кайрылуусун эске алып, Дастук айылынын Каксай участкасындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыт жерден 3,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которуу максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Дастук айылынын Каксай участкасындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыт жерден 3,0 га жер аянтын айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан өнөр жай, транспорт байланыш, коргоо жана башка багытындагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Таштак жайыт жерден 3,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү үчүн тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго жүктөлсүн.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |