Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 01-7/36
Ак-Турпак – Чон-Талаа авто жолунун түштүк тарабындагы жайыттын эсебинде турган 20,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Турпак – Чон-Талаа авто жолунун түштүк тарабындагы жайыт түрүндөргү 20,0 га жер аянтынын багытын калктуу конуштар категориясына которуу менен жарандардын турак жайга болгон муктаждыктарын чечүү максатында Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүно караштуу Ак-Турпак – Чон-Талаа авто жолунун түштүк тарабындагы жайыт түрүндөгү 20,0 (жыйырма) га жер аянтын калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Жайыт түрүндөгү жерден 20,0 га жер аянтынын багытын өзгөртүү үчүн тийиштүү документтерди даярдоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы транспорт, курулуш, өнөр жай, суу чарбасы жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго жүктөлсүн.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |