Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 01-7/40
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагында түзүлгөн жамааттардын уставын бекитүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүндөгү жумушсуздукту жоюу, ынтымактыкты, ыймандуулукту бекемдөө максатында Кыргыз Республикасынын Жамааттар жана алардын бирикмелери жөнүндөгү Мыйзамынын 3 бөлүгүнүн 18-пукнтуна ылайык түзүлгөн жамааттардын Уставын бекитүү үчүн Кара-Бак айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезексиз XXVI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө аймагында жумушсуздук жана өз ара ынтымактыкты, ыймандуулукту бекемдөө үчүн түзүлгөн төмөндөгү жамааттардын Уставы бекитилсин.
1. “Ак-Тилек” жамааттык уюму (Кара-Бак айылы);
2. “Биримдик” жамааттык уюму (Кара-Бак айылы);
3. “Ынтымак” жамааттык уюму (Чет-Кызыл айылы);
4. “Өрүкзар” жамааттык уюму (Бай Карабак айылы);
5. “Ырыскы” жамааттык уюму (Кызыл-Бел айылы);
6. “Береке” жамааттык уюму (Добо айылы).
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин төрагасынын орун басары М.Надировага милдеттендирилсин.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |