Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 5-июну № 01-7/41
Кара-Бак айыл аймагындагы мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көйгөйлөрүн чечүү үчүн түзүлгөн коомдук кенештин жобосун кабыл алуу жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагындагы мигранттардын маселелери жана социалдык маселелер боюнча жергиликтүү бийлик жана коомчулук ортосунда көпүрөө катары иш алып барган коомдук кенештин ишинин туруктуулугун камсыздоо үчүн коомдук кенештин жобосун кабыл алуу максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. “Мигранттардын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн көйгөйлөрүн чечүүдө демилгелерди көтөрүү аркылуу коомдук кенештердин ролун күчөтүү” долбоору алкагында түзүлгөн Кара-Бак айыл аймагындагы Коомдук кенеш миграция жана социалдык маселелерде такай иш алып баруусу үчүн коомдук кенештин жобосу кабыл алынсын.
2. Жободо каралган пунктарды сактоо жана аткаруу жагы Коомдук кенештин төрайымына жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Камиловго милдеттендирилсин.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |