Редакцияот 24.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 24-августу № 01-7/42

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын биринчи жарым жылдыгы боюнча айыл өкмөтүнүн отчету

2015-жылдын жарым жылдыгында Толеранттуулук фонду уюмуна 2 проект жазылып, бүгүнкү күндө А.Масалиев атындагы орто мектебине 2 кошумча класс курулушу, Зардалы айылына ФАП курулушу, Дөбө айылына өкмөттүк эмес уюмдардын колдоосу менен тазасуу түтүкчөсү, Б.Байназаров атындагы башталгыч мектебинин ашканасы ремонттолуп, Азык-түлүк программасы долбоору аркылуу 1,5 млн сомдук ашкана жабдыктары келип түшкөндүгү жана башка иштер Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 6 ай ичинде аткарган иштери жөнүндөгү баяндаманы угуп жана талкуулап, Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн 2015-жылдын жарым жылдык аткарылган иши канааттандыраарлык деп табылсын.

2. 2015-жылдын экинчи жарым жылдыгына өкмөттүк эмес уюмдар менен тыгыз иш алып барып, социалдык обьектердин курулушуна көнүл буруу жагы эскертилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Камиловго милдеттендирилсин.

 

Кара-Бак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Каламбеков