Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 16-октябры № 01-7/44
Кара-Бак айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планына өзгөртүүлордү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо Агентиги тарабынан жарыяланган “Коммуналдык инфратүзүмдөрдү каржылоо VIP-KFW 3-этап” долбоорунун алкагында инвестициялык конкурска катышуу үчүн ар бир айылдын көйгөйлөрүн калк аркылуу аныктап чыгышкан демилгечи топтордун сунушун карап жана коомдук угуулардын жыйынтыгынын негизинде Кара-Бак айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планына өзгөртүүлор жана толуктоолорду киргизүү максатында Кара-Бак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир айылдын көйгөйлөрүн калк аркылуу аныктап чыгышкан демилгечи топтордун сунушунун жана коомдук угуулардын жыйынтыгынын негизинде Кара-Бак айыл аймагынын өнүктүрүү стратегиясы жана инвестициялык планы өзгөртүүлор жана толуктоолор менен бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Бак айылдык Кеңешинин экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |