Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-ноябры № 01-7/45
Чек ара маселеси боюнча Мамлекеттик чек араны коргоо кызматына жолдомо кат жөнөтүү жөнүндө
Кара-Бак айылындагы Салкын кичи базарында негизинен эл конушу тажик республикасынын жарандары аркылуу соода сатык иштерин жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу Кара-Бак айылындагы чек араны жумасына бир күн (бейшемби күнү) ачуу маселеси боюнча мамлекеттик чек араны коргоо кызматына кат жолдоо максатында Кара-Бак айылдык кенешинин кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айылындагы чек араны элдин муктаждыгын эске алып жумасына бир күн (бейшемби куну) ачууга уруксат берүү үчүн мамлекеттик чек араны коргоо кызматына жолдомо кат жонотүү жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге жүктөлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Камиловго милдеттендирилсин.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |