Загрузка документа…
КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 4-ноябры № 01-7/46
Ганжак массивиндеги жерди баланска алуу жана Баткен бассейн суу чарба башкармалыгына убактылуу өткөрүү жөнүндө
Кара-Бак айыл аймагына караштуу ганжак массивиндеги 6,5 км жер канал ушул убакка чейин эч кимдин балансасында жок болгондуктан толук бойдон Кара-бак айыл аймагына карагандыктан өкмөттүн балансасына алуу максатында Кара-Бак айылдык кенешинин кезектеги XXX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баткен районунун Кара-Бак айыл аймагынын Ганжак массивиндеги 6,5 км жер каналы Кара-бак айыл аймагында тургандыктан чийменин негизинде толук бойдон Кара-Бак айыл аймагынын балансасына өткөрүлүп алынсын.
2. Аталган 6,5 км жер каналын толук реаблитациядан өткөрүү үчүн Баткен бассейн суу чарба башкармалыгынын балансасына убактылуу өткөрүү жагы Кыргыз Республикасынын суу чарба жана мелиорация департаментинен жана Баткен райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |