Редакцияот 23.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-ноябры № 01-7/49

Кара-Бак айыл өкмөтүнүн аймагынан Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө жер бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кара-Бак айылдык коомдук тартипти сактоо үчүн Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн Кара-Бак айыл өкмөтүнө бөлүнгөн кызматкерлерине шарт түзүп берүү максатында айыл өкмөтүнүн аймагынан жер бөлүп берүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн №505 19.11.2015-жылдагы сураныч катынын негизинде Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айыл өкмөтүнүн борбордук кенсесинин карамагындагы 0,86 га жер аянтынын түндүк-чыгыш тарабынан 0,10 га жер аянты Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө мөөнөтсүз пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Тийиштуу болгон документтерин даярдап берүү жагы Кара-бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго милдеттендирилсин.

 

Кара-Бак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Каламбеков