КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 23-ноябры № 01-7/56
Кара-Бак айылдык кеңешинин 2015-жылдын 13-апрелиндеги №01-7/14 сандуу токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын Улакжай участкасындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыт 40,0 га жер аянтын турак жай багытына которуу жөнүндөгү Кара-Бак айылдык кенешинин 2015-жылдын 13-апрелиндеги №01-7/14 сандуу токтомуна Баткен райондук архитектура жана шаар курулу башкармалыгынын тасмага тартуу боюнча изилдөө жүргүзгөн мезгилинде 40,0 га жер аянты 33,0 га болуп чыккандыгына байланыштуу өзгөртүү киргизүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Бел айылынын Улакжай участкасындагы пайдаланылбай жаткан таштак жайыттын эсебинде турган 40,0 га жер аянты, 33,0 га жер аянты болуп өзгөртүү менен калктуу конуштар багытына которууга макулдук берилсин.
2. Калктуу конуштар багытына которуу үчүн Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысына сунуштоо жагы Кара-Бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жер, транспорт, курулуш жана суу чарбалары боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Т.Курбанбековго милдеттендирилсин.
Кара-Бак айылдык кеңешинин төрагасы |
А. Каламбеков |