Редакцияот 23.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 23-ноябры № 01-7/57

Гыламидин мечити жайгашкан жер аянтынын ген планын өзгөртүү киргизүү жана бекитүү жөнүндө

Кара-Бак айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы Гыламидин мечити жайгашкан жер аянтынан өткөн жогорку чыналуудагы электр чубалгысы жылдырылгандыгына байланыштуу долбоор катары чийилген жердин ген планын өзгөртүп бекитүү максатында Кара-Бак айылдык кенешинин V чакырылышынын кезексиз XXXI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы Гыламидин мечити жайгашкан жер аянтына  өзгөртүү киргизилсин.

2. Гыламидин мечити жайгашкан жер аянтына долбоор катары чийилген ген планы бекитилсин.

3.  Тийиштуу документтерин даярдоо жагы Кара-бак айыл өкмөтүнүн башчысы С.Убаевге тапшырылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-бак айылдык кенешинин төрагасынын орун басары М.Надировага милдеттендирилсин.

 

Кара-Бак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

А. Каламбеков