Редакцияот 03.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 19-сессиясы

 

2015-жылдын 3-марты № 8

Кара-Булак айылдык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-2016-2017-2018-жылдар үчүн бюджетинин долбоору жөнүндө

Кара-Булак айылдык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун 2014-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2015-жылга Кара-Булак айылдык Кеңешинин бюджети жөнүндө Финансы экономика бөлумунун башчысы З.Эргешованын докладын угуп жана талкуулап айылдык Кеңештин V чакырылышынын 19- сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айылдык кенешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун 2014-жылга кирешелер боюнча 9655,5 мин сом, чыгашалары боюнча 9655,5 мин сом суммасында өз максатында аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Кара-Булак айылдык кенешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун 2015-жылга кирешелер боюнча 10721,9 мин сом, чыгашалары боюнча 10721,9 мин сом суммасында бекитилсин.(тиркемелерге ылайык аткаруу жагы милдеттендирилсин).

3. 2015-жылга Республикадан бөлунуучу толуктоочу грант 5254,5 мин сом подоходный налог 2700,0 мин сом, бир жолу төлөнуучу салыктан 2,0 мин сом,ишкерлердин ишинин түрү боюнча патентик түшүүлөрдөн 358,4 мин сом, кыймылсыз мүлк салыгы 36,0 мин сом, автоунаа салыгы 600,0 мин сом, айыл чарбасына жараксыз жер салыгынан 46,0 мин сом, сатуудан жана акы алып кызмат корсотүүдон 250,0 мин сом,аренда кайра бөлүштүрүү фондусунан 286,0 мин сом, таштанды салыгы 50,0 мин сом,имараттардан түшүүчү арендадан 376,0 мин сом, атайын каражатынан 198,0 мин сом бардыгы болуп 10721,9 мин сом бекитилсин.

4.2015-жылга айылдык Кенештин чыгашалары башкаруу аппаратына 8249,6 мин сом айылдык маданий кызматкерлерине 338,3 мин сом,билим берүү тармагына 1520,1 мин сом,балдар бакчаларына 415,9 мин сом, атайын каражатынан 198,0 мин сом болуп бардык бюджет 10721,9 мин сомго бекитилсин.

5. Кара-Булак айылдык кенешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун 2016-жыл үчүн кирешелери 10781,97 мин сом, чыгашалары 10781,7 мин сом 2017-жыл үчүн кирешелери 10840,0 мин сом, чыгашалары 10840,0 мин сом, ошондой эле 2018-жыл үчүн кирешелери 10840,0 мин сом, чыгашалары 10840,0 мин сом суммасында бекитилсин.

6. Кара-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган ар бир жанга 5 сом өлчөмүндө ал эми айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан ишканалардын кызматчыларына 100 сом өлчөмүндө таштанды салыгы бекитилсин.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы финансы бөлумунун башчысы З.Эргешовага тапшырылсын.

 

Кара-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Эрматов