Редакцияот 03.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Булак айылдык кеңешинин V чакырылышынын 19-сессиясы

 

2015-жылдын 3-марты № 9

2015-2017-жылдарга Кара-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 «2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнуктүрүүнүн улуттук стратегиясы» жөнундөгү Жарлыгын ишке ашыруудагы, Кара-Булак айыл аймагынынын 2015-жылдын 2- март № 01-8/10 токтому менен кабыл алынган 2015-2017-жылдарга Кара-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасын» бекитуу максатында Кара-Булак айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кара-Булак айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү программасы бекитилсин.

2. «2015-2017-жылдарга Кара-Булак айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү программасында» кабыл алынган иш чараларынын планы жактырылсын.

3. Кара-Булак айыл аймагынын 2015-2017-жылдарга социалдык экономикалык өнүгүү программасындагы кабыл алынган иш чараларды экономика,бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиялар аркылуу көзөмөлдөө жана аткарылган иштерди айылдык Кенештин сессияларында кароо жагы белгиленсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Булак айылдык Кенешинин экономика,бюджет жана жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жуктөлсун.

 

Кара-Булак айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Т. Эрматов