Загрузка документа…
АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 7-октябры № 7/2
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 7-кезексиз сессиясына келип түшкөн кайрылуу-сунуштарды кийинки сессияда кароо,
Ак-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттык тобунан турган текшерүү комиссиясы түзүү жөнүндө
Ак-Моюн айылдык Кеңеши жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин 7-кезексиз сессиясына келип түшкөн кайрылуу-сунуштар кийинки сессияда каралсын.
2. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин депутаттык тобунан турган 5(беш) төмөндөгүдөй текшерүү комиссиясы түзүлсүн:
1. Н.Шайкидинов,
2. К.Асаналиев,
3. Ж.Мамбетисаева,
4. Т.Түмөнбаев,
5. Ж.Кайыпов.
3. ПРООН тарабынан каржыланып жаткан долбоорлорго эки тендердик комиссия курамы түзүлсүн, бирден сертификаттуу адис кошулсун.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Мамбетовго тапшырылсын.
Тѳрайым: | Г. Аттокурова |