Редакцияот 20.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 20-ноябры № 8/1

Бирлик айылындагы «Бирлик-Таазими» балдар бакчасына акча каражат которуу жөнүндө

Төрайым Г.Аттокурова билдирүү жасады. Ак-Моюн айылдык Кеңешинин үчүнчү кезектүү сессиясы жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага төмөндөгү жумуш милдеттендирилсин:

- Бирлик айылындагы «Бирлик-Таазими» балдар бакчасына ата-энелерден чогулуп, Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн счетуна төгүлгөн 34500 (отуз төрт миӊ беш жүз) сом акча каражаты которулуп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

 

Тѳрайым:

Г. Аттокурова