Редакцияот 29.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2015-жылдын 29-октябры № 18/3

Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүмүнө «Кичи-футболдук аянтча» куруу жөнүндө

«Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүмүнө «Кичи-футболдук аянтча» куруу жөнүндө» социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүмүнө «Кичи-футболдук аянтча» курууга макулдук берилсин.

2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.

5. «Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүмүнө «Кичи-футболдук аянтча» куруунун жалпы сметалык баасынын 2538361 сомдун 7% өздүк салымын Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин 70111 бөлүмүнүн 311122 беренесинен 177685 сомдук каражаты бөлүнүп берилсин.

6. Жогорудагы акча каражатын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы А.Кожобековго тапшырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Ак-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Төрөкулов