Редакцияот 29.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2015-жылдын 29-октябры № 18/4

Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүмүндөгү «О.Асанов атындагы клубдун имаратын реабилитация жасоо жөнүндө»

«Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүмүндөгү «О.Асанов атындагы клубдун имаратын реабилитация жасоо жөнүндө» социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүмүндөгү «О.Асанов атындагы клубдун имаратын реабилитация жасоого» макулдук берилсин.

2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.

5. Ак-Суу айыл аймагынын борбордук бөлүмүндөгү «О.Асанов атындагы клубдун имаратын реабилитация жасоонун жалпы сметалык баасынын 956049 сомдун 7% өздүк салымын Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин 70823 бөлүмүнүн 31112390 беренесинен 66923 сомдук каражаты бөлүнүп берилсин.

6. Жогорудагы акча каражатын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы А.Кожобековго тапшырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Ак-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Төрөкулов