Редакцияот 29.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2015-жылдын 29-октябры № 18/5

Ак-Суу айылынын Ак-Сай участкасындагы Ф.Тойгонбаева көчөсүндөгү 3 км жолду реабилитациялоо жөнүндө

«Ак-Суу айылынын Ак-Сай участкасындагы Ф.Тойгонбаева көчөсүндөгү 3 км жолду реабилитациялоо жөнүндө» социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ак-Суу айылынын Ак-Сай участкасындагы Ф.Тойгонбаева көчөсүндөгү 3 км жолду реабилитация жасоого» макулдук берилсин.

2. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы  Т.Чойбековага  жүктөлсүн.

5. Ак-Суу айылынын Ак-Сай участкасындагы Ф.Тойгонбаева көчөсүндөгү 3 км жолду реабилитация жасоонун жалпы сметалык баасынын 1955338 сомдун 7%  өздүк салымын Ак-Суу айыл өкмөтүнүн 2016-жылдын бюджетинин 70111 бөлүмүнүн 31113320 беренесинен 136873 сомдук каражаты бөлүнүп берилсин.

6. Жогорудагы акча каражатын камсыз кылуу жагы ФЭБ башчысы А.Кожобековго тапшырылсын.

7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

Ак-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Төрөкулов