Редакцияот 29.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2015-жылдын 29-октябры № 18/7

Ак-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин 2015-жылы аткарган 9 ай ичинде жүргүзгөн жумуштарынын отчету жөнүндө

“Ак-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун 2015-жылы аткарган 9 ай ичинде жүргүзгөн жумуштарынын отчету жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Э.Жоробековдун 2015-жылы аткарган 9 ай ичинде жүргүзгөн жумуштарынын отчету кабыл алынсын.

2. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Ак-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы Т.Чойбековага жүктөлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Ак-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

К. Төрөкулов