Редакцияот 29.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2015-жылдын 29-октябры № 18/8

Ак-Суу айылдык кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык ыйгарым укуктарын  токтотуу  жөнүндө

«Ак-Суу айылдык кеңешинин айрым депутаттарынын депутаттык ыйгарым  укуктарын  токтотуу  жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргызстандын аймагынан сырткары жүрүп, айылдык кеңешинин сессияларына себепсиз катары менен төрт жолудан ашыкча катышпагандыгына байланыштуу “Жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо” жөнүндөгү  Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 52-беренесинин 2-пунктунун 10-пунктчасына негиз № 2342 шайлоо участкасынан шайланган Замир уулу Чынгыз, № 2343 шайлоо участкасынан шайланган Арыкбаев Курсантбектердин депутаттык ыйгарым укугу токтотулсун. 

2. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы  Т.Чойбековага  жүктөлсүн.

5. Бул токтомду бекитип берүү жагы Аксы аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.

 

Ак-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Төрөкулов