Редакцияот 29.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2015-жылдын 29-октябры № 18/9-1

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  аймагындагы жерлерден жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жерди тактоо   үчүн комиссия түзүү жөнүндө

“Ак-Суу айыл өкмөтүнүн  аймагындагы жерлерден жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жерди тактоо   үчүн комиссия түзүү жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы жерлерден жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча жерди тактоо  үчүн  төмөндөгү комиссиянын курамы түзүлсүн.

Торокулов Калдарбек -          айылдык кеңештин төрагасы

Шадыканов Абдыбалы-        айылдык кеңештин депутаты

Акишов Айбек-                        айылдык кеңештин депутаты

Тынаев Рыспай-                     айылдык кеңештин депутаты

Эшалиев Туратбек-                айылдык кеңештин депутаты

Орозбаев Нурланбек-            айылдык кеңештин депутаты

Чоконбаев Керималы-          айылдык кеңештин депутаты

Ибраимов Самат-                   айылдык кеңештин депутаты

Алымкулов Анарбек-             айыл өкмөтүнүн жер адиси

2. Жогорудагы түзүлгөн комиссиянын  жыйынтыгынын  негизинде айыл өкмөтүнүн атуулдарына жерлерди берүү макулдугу берилсин.

3. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

4. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы  Т.Чойбековага  жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

Ак-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Төрөкулов