Редакцияот 29.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2015-жылыдын 29-октябры № 18/9-2

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Айбек” ишканасынан демөөрчү катары берилген “Грейдерди” өткөрүп алуу жөнүндө

«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Айбек” ишканасынан демөөрчү катары берилген “Грейдерди” өткөрүп алуу  жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн “Айбек” ишканасынан демөөрчү  катары берилген “Грейдерди” өткөрүп  алуу  жөнүндө төмөндөгү  комиссиянын курамы түзүлсүн.

Торокулов Калдарбек -          айылдык кеңештин төрагасы

Шадыканов Абдыбалы-        айылдык кеңештин депутаты

Анарбаев Куттубек-                айылдын тургуну

2. Жогорудагы түзүлгөн комиссиянын өткөрүп алуу боюнча түзүлгөн актынын негизинде айыл өкмөтүнө «Грейдер» техникасы өткөрүлүп берилсин.

3. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

4. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы  Т.Чойбековага  жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

Ак-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Төрөкулов