Редакцияот 29.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2015-жылыдын 29-октябры № 18/9-4

Аксы аймактык ооруканасынын Ак-Суу айылдык ооруканасына ремонттоо үчүн түшүрүлгөн кирпичтерди сыртына курууга акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү №366 26.10.2015-жылдагы кайрылууну кароо жөнүндө

“Аксы аймактык ооруканасынын Ак-Суу айылдык ооруканасына ремонттоо үчүн түшүрүлгөн кирпичтерди сыртына курууга акча каражатын бөлүштүрүп берүү жөнүндөгү №366 26.10.2015-жылдагы кайрылууну кароо жөнүндө “туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Аксы аймактык ооруканасынын Ак-Суу айылдык ооруканасына ремонттоо үчүн түшүрүлгөн кирпичтерди сыртына курууга акча каражаты 2016-жылдын бюджетине киргизүү жагы белгиленсин.

2. Ак-Суу айылдык ооруканасына ремонттоо үчүн түшүрүлгөн кирпичтерди сыртына курууга акча каражаты 2016-жылдын бюджетине карала тургандыгы Аксы аймактык ооруканасына билдирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Ак-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Төрөкулов