Редакцияот 29.10.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХVIII сессиясы

 

2015-жылыдын 29-октябры № 18/9-9

Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы ОсОО “Асыл–Кен” ишканасы үчүн арендага жер бекитип берүү жөнүндө

«Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагындагы  ОсОО “Асыл –Кен” ишканасы үчүн арендага жер бекитип берүү жөнүндө” туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундусун угуп, Ак-Суу айылдык Кеңеши;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Суу айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу 24,7 га өлчөмүндөгү жерди көмүр казуу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн www. aksuu.biz.kg  расмий веб-сайтына жарыялансын;

3. Ак-Суу  айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Суу  айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет;

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы  Т.Чойбековага  жүктөлсүн.

5. ОсОО “Асыл-Кен” ишканасынын арендага бекитилип берилген жер боюнча мыйзамдуу иш кагаздарын тактоо жер адиси А.Алымкуловго милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Суу айылдык кенешинин туруктуу комиссиясына  милдеттендирилсин.

 

Ак-Суу айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. Төрөкулов