Редакцияот 18.02.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыштут айылдык кеңешинин V чакырылышынын XXII сессиясы

 

2016-жылдын 18-февралы № 2

Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Н.Айдаровдун 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча билдирүүсү жөнүндө

Кыштут айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы А.Н.Айдаровдун 2015-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык Кеңешинин V чакырылышынын  XXII  кезектеги сессиясы 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2015-жылдагы Кыштут айылдык Кеңешинин өз алдынча башкаруусунун 2015-жылга кирешелери боюнча 13230,8 миң сом, чыгашалары боюнча 13230,8 миң сом суммасында (анын ичинен электр энергиянын кымбаттагандыгына кошумча каражат 713,9 мин сом, элдин электр энергиясынын жеңилдиги 1016,7 миң сом, балдар бакчаларынын тамак аш продуктылары үчүн ата энелер взносу 206,9 миң сом) өз максатында аткарылгандыгы белгиленсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыштут Айылдык кеңешинин экономика, финансы жана бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кыштут айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А. Зикиров