Загрузка документа…
КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 8-декабры № 26-20/71
СООВППВнын 2014-жылы аткарган иштери жөнүндө
Кайыңды айыл аймагынын СООВППнын жетекчилеринин 2014-2015-жылдары элди ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу үчұн аткарылып жаткан иштербоюнча маалыматы угулуп,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал ИСКАКБнын жетекчиси К.Анарбаевдин берген маалыматы толук камдуу болбогондуктан 2015-жылдын 20-декабрында элге отчету берилсин.
2. Кайыңды айылынын «Таза-Суу» жетекчиси С.Эдилбаевдин аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
3. Сары-Булак айылынын «Кочкор-Башат» таза суунун жетекчиси Н.Суанбековдун аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
4. Нылды айылынын «Таза-Суу»нун жетекчиси С.Бакировдун аткарган иштери канаттандырарлык деп табылсын.
Кайыңды айылдык кеӊешинин төрагасы |
З. Абдрахманов |