Загрузка документа…
МОГОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 4-ноябры № 7
Айылдык кеңештин токтомдору жөнүндө
Айылдык Кенештин токтомдорунун талаптарга ылайык кабыл алуусу тууралуу мыйзамдуулукту жана коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Омурзаковдун маалыматын угуп жана талкуулап Могол айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги VII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Могол айылдык Кенешинин токтомдорунун кабыл алуусу тууралуу Кенештин туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Омурзаковдун маалыматы эске алынсын.
2. «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү» жобосуна ылайык Могол айылдык Кенешинин токтомдору мамлекеттик тилде гана кабыл алынсын.
3. Токтом массалык маалымат каражатгарына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
4. Токтомду мамлекеттик реестрден каттоодон өткөрүү Могол айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кенештин жана коомдук тартипти сактоо Т.Омурзаков тапшырылсын.
Могол айылдык кеңештин Төрагасы орун басары: |
Р. Юлдашев |