Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXVIII заседаниеси
2015-жылдын 18-майы № 28
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 3-главасынын 20-беренесине ылайык,Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында альвеококкоз жана эхинококкоз ооруларын таратуучу болуп эсептелген жолбун ит-мышыктарды атып жок кылуу жөнүндө
Альвеококкоз жана эхинококкоз ооруларынын алдын-алуу максатында социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Баргыбаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калк арасында альвеококкоз жана эхинококкоз ооруларынын алдын-алуу үчүн медициналык жана ветеринардык кызматкерлер менен бирдикте түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
2. Альвеококкоз жана эхинококкоз ооруларын таратуучу болуп эсептелген үй жаныбарлары ит-мышыктарды ветеринардык эрежелердин негизинде, кароодон өткөрүп, талапка ылайык иш жүргүзүлсүн.
3. Альвеококкоз жана эхинококкоз ооруларын таратуучу болуп эсептелген, үй-жаныбарлары жолбун ит-мышыктарды атып жок кылуу боюнча айыл өкмөттүн алдында комиссия түзүлсүн.
4. Жолбун ит-мышыктарды атууда комиссиянын курамы коопсуздук жана санитардык эрежелерди сактоо менен иш алып барышсын.
5. Жолбун ит-мышыктарды атып жок кылууда курал колдонууга уруксаты бар мергенчилер менен келишим түзүп, ок дарыларды камсыз кылуу менен бирдикте келишимдин негизинде иш алынып барылсын.
6. Атылып жок кылынган ит-мышыктардын өлүктөрү, ветеринардык–санитардык талаптарга ылайык чункурларга көмүлүп жок кылынсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу А.Шамшиевага милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Э. Өмурзаков |