Редакцияот 25.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXIX заседаниеси

 

2015-жылдын 25-майы № 29/2

КР бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 17-беренесине ылайык Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2015-жыл үчүн атайын каражатына бекитилген акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 Үч-Төбө айыл өкмөтүнө атайын каражатынын жылдык смета бекитилгенден кийин көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптеринин 17-беренесине таянып,киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планына өзгөртүү киргизүү боюнча Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Арыковдун билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө атайын каражатынын жылдык смета бекитилгенден кийин көбөйгөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктун негизги принциптеринин 17-беренесине таянып ,киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планына өзгөртүү киргизүү боюнча:

Киреше бөлүгүнө:

Берене

Кирешенин түрү

Суммасы

14232400

Ата-Энелер төлөмү

145 000

 

Жалпысы:

145 000

 

Чыгаша бөлүгүнүн такталган планына төмөндөгү беренелерине өзгөртүү киргизилсин

Бөлүм

Мекеменин аталышы

Берене

Берененин аталышы

Көбөйтүү 2-квартал

709

Балдар-бакчасы

22181100

Тамак-аш азыктарын алуу

145 000

 

Жалпысы:

 

 

145 000

 

2. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2015-жылга бекитилген атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча өзгөртүү киргизип берүү жагы Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

3. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын жана каралган акча каражатын максаттуу чыгымдалышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнөн суралсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага милдеттендирилсин.

 

Үч-Төбө айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Э. Өмурзаков