Редакцияот 01.08.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXII заседаниеси

 

2015-жылдын 1-августу № 32

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 3-главасынын 16-беренесине ылайык 4-пунктунун негизинде, мамлекеттик жөлөк пул алуучулардын арызын кароо жөнүндө

Үч-Төбө айылдык Кенешинин социалдык саясат комитетинин төрагасы Ж.Баргыбаевдин билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 3-главасынын 16-беренесине ылайык 4-пунктунун негизинде,Үч-Төбө айыл өкмөтүндө мамлекеттик жөлөк пулга тиешелүү документтерди тапшыруу ар айдын биринчи он күн күндүгүнүн же болбосо ар айдын 9-календарлык күнүндө Ак-Босого,Кызыл-Алай,Чон-Каракол,Ак-Жай,Гежиге айылдарынын тургундарына билдирилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага милдеттендирилсин.

 

Үч-Төбө айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Э. Өмурзаков