Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXV заседаниеси
2015-жылдын 13-ноябры № 35
“КР бюджеттик укуктарынын принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Үч-Төбө айыл өкмөтүнө Чон-Каракол айылында жайгашкан №16 Маданият орто мектебине айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен кошумча акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушеванын билдирүүсүн угуп талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “КР бюджеттик укуктарынын принциптери жөнүндө” Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2015-жылдагы бекитилген бюджетинин чыгаша бөлүгүнөн төмөндөгү разделдердин пайдаланылбаган беренелеринен азайтылсын.
Р 702 (Оборона) статья 22154900 – 7,5 мин сом.
Р 704 (Эконом вопрос) статья 22154900 – 18.0 мин сом
Р 708 (клуб) статья 22154900 – 31.2 мин сом
Р 709 (школы) статья 22321100 -80,8 мин сом
Р 710 (соц.Защита) статья 22154900- 12.5 мин сом.
Бардыгы: 150,0мин сом.
№ 16 Маданият орто мектебинин көмүр менен жылытуу системасынын от-казандын түтүн чыгаруучу трубасын алууга 3112390 статьяга 150,0 мин сомго көбөйтүлсүн.
2. 2015-жылдын сметасынан статьядан статьяга жылдырылган акча каражатын планга киргизип берүу жагы Алай райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджеттик комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Э. Өмурзаков |