Редакцияот 18.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI заседаниеси

 

2015-жылдын 18-ноябры № 36/1

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы № 101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесине ылайык, Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2015-жылдын иш-планын аткаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесине ылайык,

Үч-Төбө айылдык кенешинин 2015-жылдын иш-планын аткаруу максатында Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы А.Тукеев, Кызыл-Алай орто мектептеринде окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө А.Тукеев, Кызыл-Алай орто мектептеринде окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Баргыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош облусуна караштуу, Алай районунун Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн А.Тукеев, Кызыл-Алай орто мектептеринде окуу тарбия иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. Үч-Төбө айылдык Кенешинин социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан аныкталган кетирилген айрым кемчилдиктерди тез арада оңдоп түзөө жагы, мектеп директорлоруна милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Үч-Төбө айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Э. Өмурзаков