Редакцияот 18.11.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVI заседаниеси

 

2015-жылдын 18-ноябры № 36/2

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесине ылайык, Үч-Төбө айылдык кеңешинин 2015-жылдын иш-планын аткаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесине ылайык,

Үч-Төбө айылдык кенешинин 2015-жылдын иш-планын аткаруу максатында Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы УДТ № 6 медициналык мекемеси жөнүндө социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Баргыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Төбө айылдык кеңеши

Үч-Төбө айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. УДТ № 6 медицина кызматкерлеринин альвеококкоз жана эхинококкоз ооруларын алдын алуу боюнча көрүлгөн иш аракеттер жана медицина тармагынын жалпы элге кызмат көрсөтүүдөгү иштеринин абалы канааттандырарлык деп белгиленсин.

2. УДТ № 6 нын жургузуп жаткан иштеринде олуттуу кемчилдиктерге жол коюлгандыгы белгиленсин ,жана кетирилген кемчилдиктер боюнча иш алып баруу жагы УДТ №6 нын администрациясына милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Үч-Төбө айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Э. Өмурзаков