Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVII заседаниеси
2015-жылдын 24-декабры № 37/1
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесине ылайык Т.Жумабаев, Маданият орто мектептеринде окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө
Т.Жумабаев, Маданият орто мектептериндеги окуу тарбия иштеринин абалы жөнүндө Айылдык Кеңешинин төрагасы Э.Өмүрзаковдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Жумабаев жана Маданият орто мектептериндеги жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия иштеринде олуттуу кемчилдиктерге жол коюлгандыгы белгиленсин.
2. Т.Жумабаев жана Маданият орто мектептериндеги жүргүзүлүп жаткан окуу-тарбия иштеринде ,кемчилдиктерди жоюу атайын иш чаралар иштелип чыгылсын жана кемчилдиктерди жоюу боюнча аткарылган иштер жөнүндө Айылдык Кеңештин жооптуу катчысы А.Шамшиевага маалымат берилсин.
3. Т.Жумабаев жана Маданият орто мектептеринде кемчилдиктер боюнча айылдык кенештин депутаттары тарабынан комиссия түзүлүп,кайра текшерилип, текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө апрель айындагы кезектеги айылдык Кенештин отурумунда маселе каралсын.
4. Айрым мугалимдердин кемчилдиктерин жоюу боюнча мектеп директорлору тиешелүү чараларды көрүшсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага милдеттендирилсин.
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Э. Өмурзаков |