Загрузка документа…
ҮЧ-ТӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Төбө айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XXXVII заседаниеси
2015-жылдын 24-декабры № 37/4
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 17-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу мектептерди, бала-бакчаларды, айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган социалдык имараттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүп, тиешелүү документтерин тактап мамлекеттик акт алуу жөнүндө
Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу мектептерди ,бала-бакчаларды, айыл өкмөтүнүн аймагындагы муниципалдык менчикте турган социалдык имараттарды мамлекеттик каттоодон өткөрүп,тиешелүү документтерин тактап (гос.акт) алуу жөнүндө социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Баргыбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап
Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык менчикте турган (мектептердин, бала-бакчалардын, китепканалардын, ФАПтардын,маданият үйлөрүнүн) жана башка баардык социалдык имараттарды кайрадан карап,эгерде мамлекеттик каттоодон өтө элек болсо, каттоодон өткөрүп мамлекеттик акт алып, каттоого алуу жагы Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага жана Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Арыковго милдеттендирилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык саясат боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Үч-Төбө айылдык кеӊешинин төрагасы |
Э. Өмурзаков |